Грыжа эмнеден пайда болот

добавлена 17 октября в 11:16

«АТАМДЫН КӨРҮСТӨНҮНӨ БАРЫП КУРАН ОКУП, АПАМДЫ МЕККЕГЕ АЛПАРЫП КЕЛСЕМ ДЕЙМ»
Эр ортону элүү жашын абакта отуруп тоскон, “адилетсиз, саясий куугунтуктан улам соттолду” деп көпчүлүк элдин көңүлүндө турган саясатчы Садыр Жапаров менен маегибизди улантабыз. Бул ирет Садыр мырза “Кумтөр” боюнча депутаттык иликтөөлөрүндө кандай тоскоолдуктарга туш болгону, абактан чыкса биринчи эмне иш жасай турганы тууралуу кепти улантты.
– Садыр мырза, сиз 2010-жылга чейин деле депутат, комиссар болгонсу

добавлена 4 октября в 16:53

Сөөк оорусунун негизги жети себеби
Сөөк же болбосо муундардын оорусу көптөгөн адамдарды ойлондуруп келет. Биздин сөөктөрүбүз эмне себептен, кандай учурда ооруйт? Бул тууралуу жооп бермекчибиз.
Арийне, сөөк оорусун толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок, оорунун алдын алып, бираз болсо да ооруну басаңдатууга болот.
1.Тукум куучулук
Эгерде сиздин ата-энеңиз жаш кезинде сөөктөрү ооруган болсо, анда ал нерсе дагы сизде кырк пайыз кайталана тургандыгын адистер айтышат.
2.Жаш өзгөчөлүк
Ад

добавлена 19 июля в 21:37

САМЫН ЖӨНҮНДӨ 5 ФАКТ
Самын – бул химиялык зат. Тактап айтканда майлуу кычкылтектин натрийи жана калийи бар туз болуп саналат. Ал эми самын стеарин, олеин, пальмитин сыяктуу кычкылтектердин аралашмасынан, гидроксиддердин таасиринен пайда болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, кадимки эле чочконун майын алып, ага натрийди кошуп, жылытып, самынды алууга мүмкүн.
Самындын молекулалык курамы эки химиялык топтон турат.
Биринчи тобу – суутек кычкылтеги денедеги кирлер менен аралашып, аларды коргойт.

ЧАГЫЛГАН ЖӨНҮНДӨ…
Чагылгандын «каардуу» мүнөзүнөн башка табышмактуу сырлары көп. Алсак, кандайдыр бир адамга болгон ашыкча «арзуусу» менен да таң калтырып келет. 1950-жылы «Фейд» журналында төмөндөгүдөй баян жарык көргөн. Бир адам 1899-жылы Торонто шаарында (Италия) өз короосунан чагылган тийип өлөт. Туура 30 жыл өткөндөн кийин так эле ошол жерден ал адамдын баласы чагылгандын курманы болот. А 1949-жылдын 8-октябрында чагылгандык кезектеги сапары биринчи адамдын небереси, экинчисинин баласына

добавлена 18 марта в 22:25

Үй шартында антисептикалык каражатты кантип даярдаса болот?
Кытайдагы коронавирус дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда (685 материал) Өлкө аймагында коронавирус 3 адамдан аныкталды. Буга байланыштуу медициналык каражаттар, тагыраагы, медициналык бет каптарды, антисептикалык каражаттарды керектөөчүлөр көбөйдү. Суроо-талаптын көптүгүнөн улам көпчүлүк дарыканаларда жогорудагы каражаттардын жетишсиздиги байкалат. Мындан улам Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму үй шартындагы антисептикалык караж

добавлена 17 марта в 13:20

добавлена 12 марта в 12:23

БИЛИП АЛЫҢЫЗ
-Ичеги-карыныңыз тынчыңызды алып, тамак сиңирүүдө кыйналсаңыз – күн сайын алма жеп, байма-бай алма диетасын кармашыңыз керек. Себеби, боор менен ичеги-карын рагын пайда кылган терс клеткаларды жок кылуучу заттар алмада бар.
-Кара өрүктүн ширеси кан басымды төмөндөтөт. Ал эми аны ар дайым эртең менен ичип турсаңыз, организмдеги шлактардан арыласыз.
-Көз жаш санаа-кайгыны жеңилдетип гана тим болбостон, дарылоочу касиетке да ээ экенин унутпаңыз. Ал денедеги жараат жерлердин карттаны

добавлена 27 февраля в 09:47

СУУ ЧЕЧЕК – БАЛДАРГА АБА АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ДАРТ
Кышында жана эрте жазда жайылуучу вирустуу оорулардын катарында балдарга мүнөздүү суу чечек дарты да бар. Дарт бир караганда коркунучтуу сезилбегени менен, өтүшүп кетсе баланы майыптыкка жеткирет. Дарттын жугуу жолу, дарылоо ыкмалары боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныева баяндайт.
ООРУ КЫШТА ЖАНА ЭРТЕ ЖАЗДА ПАЙДА БОЛОТ
Суу чечек (ветряная оспа) менен көбү

добавлена 25 февраля в 09:19

Ден соолук жана тиричилик үчүн пайдалуу кеңештер
– Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.
– Жумасына 4 жумурткадан ашык жегенге болбойт.
– Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.
– Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.
– Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.
– Эгерде эки айнек стакан кептелип калса, үстүңкүсүнүн ичине муз салып, экинчисин сыртынан ысык сууга сал

Источник

Грыжа эмнеден пайда болот«Белимде грыжам бар, бутум жакшы иштебей баштады. Врачтарга барсамбы же «костоправтаргабы?» дегендерди угуп эле жүрөбүз. Бул оору эмнеден улам көбөйүүдө? Айыктыруунун кандай жолдору бар? МОЮН, КӨКҮРӨК, БЕЛ-ЧЫЧАӉ ГРЫЖАСЫ ДЕП БӨЛҮНӨТ
Грыжа эмнеден пайда болотЖаныш Сулайманов, Бишкектеги ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, ортопед-вертебролог.
– Адамда 7 моюн, 12 көкүрөк, 5 бел-чычаӊ омуртка бар. Алардын ортосунда узунунан жүлүн кетет. Омурткалардын каналдары (тешикчелери) аркылуу жүлүндөн нервдер чыгып, өзүнө тиешелүү органдарды иштетет. Моюн омурткаларынан чыккан нервдер кол, көз, тиш, мурун, ооз, калкан сымал безди иштетип, баш мээдеги кан айланууну көзөмөлдөйт. Көкүрөк омурткаларынан чыккан нервдер борбордук нерв жана гормоналдык системди иштетет. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, өт, бөйрөктүн, ашказан-ичегинин иштөөсүнө катыштыгы бар. Бел-чычаӊ омурткалардан чыккан нервдер буттарды иштетип, жыныстык органдардын, табарсыктын кан айлануусун көзөмөлдөйт.
Ал эми омурткалар арасында кемирчектер жайгашкан. Алар фиброздук шакекчелерден турат. Анын ортосунда килкилдек масса (пульпоздук ядро) бар. Грыжа деген ошол фиброздук шакекче жарылып, ичиндеги массанын жүлүндү көздөй агып, омуртка каналдарынан чыккан нервдерди кысып калганы. Жайгашкан ордуна карата моюн, көкүрөк жана бел-чычаӊ грыжасы деп аталат.

Читайте также:  Кто удалял ребенку грыжу

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Моюн грыжасында баш, желке, моюн ооруйт. Кол чымырап уюп, бара-бара жакшы көтөрүлбөй калат, булчуӊу кичирейет. Көкүрөк грыжасында борбордук нерв жана гормоналдык системдин иштөөсү бузулуп, оорулар жаралат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, боор, өт, бөйрөк, ашказан-ичегиде оорутуу пайда болот. Грыжасы бар экенин билбегендер тигил же бул жерим ооруп жатат деп дары иче бериши мүмкүн.
Бел-чычаӊ грыжасында бут ооруп, уюп, чымырайт. Бара-бара жакшы иштебей баштайт. Адам бат-баттан заара ушатып калат. Эркектердин бел күчү начарлайт. Грыжа омуртканын сол тарабында болсо, анда оорутуу сол бутка, оӊ тарабында болсо оӊ бутка берет. Кокус грыжа омуртканын ортосунда болсо, анда оорутуу 2 бутка теӊ берет.

ФИБРОЗДУК ШАКЕКЧЕ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРЫЛАТ?
Себептери:

Остеохондроз. Бул оору кемирчектердеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Буга көбүнчө дамамат бир орунда жылбай отуруу себеп болот. Зат алмашуунун бузулушунан кемирчекке азык заттар керектүү деӊгээлде барбай, ал бара-бара кургап, жарылат.
Ар түрдүү жаракаттар (жол кырсыгы, бийиктиктен кулоо жана башка)
Айрым оорулар (рак, бруцеллёз жана башка)
Тубаса патология. Бала ичтен грыжа болуп туулат.
Оор жүктү көп көтөрүү.

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Консервативдүү дарылоо
Грыжанын өлчөмү 4-5 миллиметрден ашпаса жана оорутуу адамды анча кыйнабаса, анда дарылоо жүргүзүлөт. Ага физиодарылоо, ийне терапиясы, дары-дармек берүү, дарылык физкультура, укалоо сыяктуулар кирет. Кийин ооруган сайын келип дарыланат. Эгер адам оор

көтөрбөй, врач сунуштаган көнүгүүлөрдү жасап жүрсө, грыжаны өстүрбөй кармап турууга болот.

Операция ыкмасы
Эгер кол же бут иштебей, майып болуп калуу коркунучу жаралса, операция жасалат. Биз кемирчекти кырып, грыжаны алып чыгуу ыкмасын колдонобуз. Кемирчек
кырылган соӊ омурткалар жылып кетпеши үчүн атайын пластинкалар менен кадалат.
Учурда остеохондроздон жабыркагандар жана оор жумушта иштегендер көп, ошондуктан грыжага кабылгандардын саны өсүүдө. Айрымдар элдик дарыгерлерге көрүнүп жүрө берип, колу же буту иштебей калганда келишет. Андай кезде операция да жардам бербей, адам өмүр бою 2 буту иштебей, майып болуп калат. Укалоо, көнүгүү жасап жана ийне терапиясы убактылуу жардам берет, бирок грыжаны кетире албайт. Андыктан врачтарга гана кайрылып дарылануу зарыл.

АЛДЫН АЛУУ

Остеохондроз бар болсо, убагында дарылануу
Оор жүктөрдү көтөрбөө
Көбүрөөк кыймылдоо
Ашыкча салмактан арылуу
Жаракатка кабылуунун алдын алуу жана башка

ЭЛДИК ДАРЫГЕРЛЕР КАНТИП ДАРЫЛАШАТ?

Грыжа эмнеден пайда болот«КЕМИРЧЕК ӨЗҮНӨ КЕЛГЕН СОӉ ГРЫЖА АРТКА ТАРТЫЛАТ»
Съездбек Рахматов, массажист-хиропрактик.
– Биз мануалдык терапияны, физикалык көнүгүүлөрдү жана укалоону колдонобуз. Көнүгүүлөрдү жасоо жана укалоо аркылуу омурткадагы чыӊалган булчуӊдарды жибитип, кысылган нервдерди, тарамыштарды бошотобуз. Кемирчекке да азык заттар бара баштап, ал иштөөсүн жакшыртат. Кемирчек өзүнө келген соӊ грыжа артка тартылууга өтүп, оорутуу азая баштайт. Дарылоо курсу 15 күн. Кээ бирлер 2-3 курс алышат.

Грыжа эмнеден пайда болот«КӨНҮГҮҮЛӨР МЕНЕН АЙЫГУУГА 98 ПАЙЫЗ КЕПИЛДИК БАР»
Медер Бишкек (Итибаев), чыгыш медицинасы боюнча адис, тайцзи чебери, медициналык орто билими бар.
– Биздин борбор грыжаны айыктырууда Император-каган укалоосун, цигун жана йогатерапиясын, тайцзи (тайцзицюань) көнүгүүлөрүн колдонобуз. Жана нейрохирургдар, ортопед врачтар менен кеӊешип иш жүргүзөбүз. Жыйынтыгында грыжаны операциясыз айыктырууга 98 пайыз кепилдик беребиз. Дарылоо курсу грыжанын чоӊ же кичинесине жараша чечилет. Бизден үйрөнгөн көнүгүүлөрүн адам өмүр бою колдоно алат.

Грыжа эмнеден пайда болот«МЕНИН ЫКМАМДА МАЙДА ГРЫЖАЛАР СОРУЛУП КЕТЕТ»
Кабылжан Юлдашев, тибет медицинасы боюнча адис.
– Мен грыжаны дарылоодо ийне терапиясын, укалоону жана дары майды колдоном. Алгач ооруган жерди майлап, укалайм. Мындан омуртка, байламталар бошоп, жибийт. Кемирчекте зат алмашуу жакшырат. Ийне саюу менен нервдерди иштетем. Ошентип акырындык менен кемирчек калыпка келип, кичине грыжалар сорула баштайт. Дарылоо курсу 10 күн. Чоӊ грыжаларды кетирүү кыйын. Акысына мынча дебейм, ар ким колунан келгенин берет.

Канымжан Усупбекова

Источник

Биз бүгүн омурткадан кармаган грыжа оорусу тууралуу сөз кылабыз. Грыжа оорусунун өзгөчө омурткадан кармаган түрүнүн пайда болуу тарыхы тууралуу ар кандай божомолдор бар. Алардын бири бир кездерде динозаврлардын өлүп калуусунун себеби тууралуу теорияга кайрылсак “илгери планета сууктап кетип, динозаврлар тамак таба албай кырылып калган” деп айтып келишкен. Себеби “динозаврлар тамак таба албай калышканда өйдө көтөрүлүп басууга туура келген. Алар өйдө көтөрүлүп турганда бел омурткаларына күч келип, натыйжада алар омуртка ооруларына чалдыгып кырылып калган” деген окумуштуулардын божомолдуу теориялары бар. Ал эми адамзаты тууралуу айта турган болсок, адамда эртеден кечке чейин эки буттап басуунун натыйжасында омурткага, өзгөчө бел тушка күч келет. Ошондуктан белде грыжа оорусу көп кездешет. Экинчи кезекте моюн жана баш турат. Себеби моюн дайым кыймылда болуп турат. Эң акыркы аз кездешкен грыжа бул көкүрөк тушта кезигүүчү грыжа.

Грыжа оорусу кайсы учурда пайда болот?

Омуртканын сөөгү менен кемирчегинин ортосунда жүргөн патологиялык процессти биз остеохондроз деп айтып коёбуз. Омуртка сөөгү менен кемирчегинин ортосундагы пайда болгон патологиялык процесс­тин өзү грыжа деп аталат. Грыжа эмнеден пайда болорун жөнөкөй тил менен түшүндүрө турган болсок, ар бир омуртканын ортосунда диск болот. Ал диск үч функцияны аткарат. Биринчиси амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секире жана олтура алса, экинчи функция адамды эңкейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат. Ал эми үчүнчү функция омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат. Мына ошол дисктердин ичинде ар биринин өзүнчө басымы бар.

Читайте также:  Протрузий межпозвонковых дисков или межпозвонковых грыж симптомы

Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуш керек. Ошондо гана ал нормалдуу болот. Эгер омуртканын кыры менен бирдей болбой бир тарапка чыгып кетсе, анда анын эки себеби бар. Биринчиси, биздин вертикалдуу басканыбыз, экинчиси, зат алмашуунун бузулушу. Негизи, эки омуртканын ортосундагы диск 80 пайыз суу жана 10 пайыз белоктон турат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азая баштайт. Суу азая баштаганда диск жарылып, ал жарылганда жүлүндү тебет. Натыйжада, диск менен жүлүндүн ортосунда келишпестиктер күч алат. Келишпестик ортосунан, оң жана сол тарабынан башталат. Эгер ортосунан тепсе, анда борбордук грыжа деп коёт. Бул учурда эки буту тең алмак-салмак, же бир эле учурда эки буту тең оорушу мүмкүн. Ал эми оң жагынан жүлүндү кысса, анда таасирин оң бутка берет да, оң буту жана бели ооруйт. Ушул эле көрүнүш сол жагынан болсо, анда оорунун таасири сол бутуна жана белине берет.

Грыжа оорусунун белгилери

Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт.
Эгер грыжа көкүрөк омурткадан кармаган болсо, анда адамдын жүрөгү кысылат. Ал эми грыжа бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сөөктөр кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сөөктөр ооруйт.

Грыжа оорусун алдын алуу

Адамзаты омуртка грыжасын алдын алууга болот.

Ал үчүн биз балдарыбызды мектепте жана бала бакчада жүргөн кезинде эле анын омурткасын рентгенге тарттырып коюшубуз зарыл. Себеби биз рентгенге түшүү менен тубаса патологиянын бар же жогун аныктайбыз. Эгер кичинекей балада тубаса патология болсо, анда дарыгер ага туура багытты көрсөтүп, ал спорттун кайсы түрү менен машыкпоосу, же кандай кесипти аркалабашы керек экенин түшүндүрүү керек. Баланын тубаса патологиясы аныкталып, бирок бала спорт менен машыгууну каалап жатса, анда дарыгер ага ылайыктуу спорттун түрү менен машыгууга болорун түшүндүрүүсү зарыл. Мындан тышкары, бул оорудан жабыркагандар ашыкча салмак күтпөш керек. Ашыкча салмак бел омурткага күч келтирет. Ооруган адамдар кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жүрсө жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло алат.

Жаныш Сулайманов: “Грыжанын эркек, ургаачы же ичинде, сыртында дегени болбойт”
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директорунун орун басары жана медицина илимдеринин доктору Жаныш Дайырович бел омурткасында грыжа оорусу көп кездешип жатканын айтып коңгуроо какты.

– Жаныш Дайырович, тубаса грыжа оорусун эртерээк аныктоого болобу?

– Албетте, болот. Кээ бир балдар тубаса грыжа менен төрөлөт. Төрөлгөндө эле алардын омурткаларынын артында кемирчек болот. Ал кемирчек 5 жаштан кийин сөөккө айланып катып калышы керек. Эгер беш жашка чейин, же андан кийин кемирчектер сөөккө айланбай калса, анда ал бала тубаса патология менен төрөлгөн болот. Бул адамдын өзүнөн көз каранды эмес. Илимде азырынча тубаса грыжа менен төрөлгөндөрдүн себеби аныктала элек. Тилекке каршы, бизде ата-энелер балдарын эч кандай текшерүүдөн өткөрбөй туруп спорттун оор түрлөрү менен машыктыра берет. Иш тажрыйбамда эч кандай текшерүүдөн өтпөй эле оор атлетика менен машыгып башташкан спортчулар кийин бели ооруп рентгенге түшсө патология бар экени аныкталгандар болгон. Натыйжада, алар кичинесинен машыгып келе жаткан сүйүктүү спорттун түрүнөн алыстоого туура келген.

Ошондуктан баланы кичинекейинен кандайдыр бир ийримдерге берер алдында аны текшерүүдөн өткөрүү зарыл.

– Грыжа оорусу тукум кууйт деп айтылган кептер чындыкка дал келеби?

– Грыжа тукум куушу мүмкүн. Себеби айрымдар ашыкча салмактуу болушат. Алардын ашыкча салмактуулугу кийин балдарына да өтөт. Бул учурда бел омурткаларына күч келип, натыйжада балдары да омуртка грыжасы менен оорушат.

– Акыркы мезгилде көчөдөн же тааныштардан “меники ургаачы грыжа окшойт” деген сөздөрдү көп укчу болдум.

– Ооба, туура айтасың. Мага да “менин грыжам ургаачы бекен же эркек бекен, мындан тышкары, грыжам ичинде бекен же сыртында бекен?” деген сыяктуу суроолорду көп узатышат. Мен гезитти окуп жаткан окурмандарга түшүндүрүп айта кетсем, грыжанын эркек, ургаачы же ичинде, сыртында дегени болбойт. Болгону грыжанын жүлүндү ортосунан, оң жана сол капталынан кыскан үч гана түрү бар.

– Грыжа оорусун операциясыз дарылоого болобу?

– Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдеп чыккандан кийинки берген статистикасына таяна турган болсок, дүйнөдөгү элдердин 80 пайы­зы грыжа менен ооруйт экен. 80 пайыздын ичинен 10 пайызын ал каалабаса дагы операция жолу менен дарылоого туура келет. Себеби оору өтүшүп кеткенде эч кандай дары-дармек жардам бере албай калат да, натыйжада ал операция жолу менен гана айыгат. Ал эми 70 пайызын дары-дармектин, массаж, баткак, ийне саюу, суу ичинде көнүгүү жасоо сыяктуу ар кандай процедуралардын жардамы менен айыктырууга болот.

Читайте также:  Ванны лечебные при грыже

– Айтсаңыз, грыжа менен көбүнчө кайсы курактагылар кайрылышат?

– Автокырсыктан улам, же көкүрөк тушка катуу сокку алгандан кийин пайда болгон грыжалар кары-жашка карабайт. Мурун грыжа менен 40-50 жаштан өткөндөр гана ооруйт деп айткан болсок, азыр андай эмес. Учурда бул оору менен 10 жаштагы бала дагы ооруйт. Көбүнчө аталган оору менен курулушта жана башка оор жумуштарда иштегендер кайрылышат. Кээ бир учурда 4-5 килограмм салмактагы бала төрөгөн аялдар төрөттөн кийин ушул оору менен ооруп калышат. Ошондуктан бир тараптуу бул курактагылар көп ооруйт деп так айта албайм. Бул оору өнөкөт патологияга киргендиктен күзүндө жана жазында күч алып турат. Ошол себептен бул мезгилдерде дарыланып туруу зарыл.

Источник

Грыжа оорусу[оңдоо | булагын оңдоо]

Грыжа оорусунун пайда болуу тарыхы

Биз омурткадан кармаган грыжа оорусу тууралуу сөз кылабыз. Грыжа оорусунун өзгөчө омурткадан кармаган түрүнүн пайда болуу тарыхы тууралуу ар кандай божомолдор бар. Алардын бири бир кездерде динозаврлардын өлүп калуусунун себеби тууралуу теорияга кайрылсак “илгери планета сууктап кетип, динозаврлар тамак таба албай кырылып калган” деп айтып келишкен. Себеби “динозаврлар тамак таба албай калышканда өйдө көтөрүлүп басууга туура келген. Алар өйдө көтөрүлүп турганда бел омурткаларына күч келип, натыйжада алар омуртка ооруларына чалдыгып кырылып калган” деген окумуштуулардын божомолдуу теориялары бар. Ал эми адамзаты тууралуу айта турган болсок, адамда эртеден кечке чейин эки буттап басуунун натыйжасында омурткага, өзгөчө бел тушка күч келет. Ошондуктан белде грыжа оорусу көп кездешет. Экинчи кезекте моюн жана баш турат. Себеби моюн дайым кыймылда болуп турат. Эң акыркы аз кездешкен грыжа бул көкүрөк тушта кезигүүчү грыжа.

Грыжа оорусу кайсы учурда пайда болот?

Омуртканын сөөгү менен кемирчегинин ортосунда жүргөн патологиялык процессти биз остеохондроз деп айтып коёбуз. Омуртка сөөгү менен кемирчегинин ортосундагы пайда болгон патологиялык процесс­тин өзү грыжа деп аталат. Грыжа эмнеден пайда болорун жөнөкөй тил менен түшүндүрө турган болсок, ар бир омуртканын ортосунда диск болот. Ал диск үч функцияны аткарат. Биринчиси амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секире жана олтура алса, экинчи функция адамды эңкейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат. Ал эми үчүнчү функция омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат. Мына ошол дисктердин ичинде ар биринин өзүнчө басымы бар. Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуш керек. Ошондо гана ал нормалдуу болот. Эгер омуртканын кыры менен бирдей болбой бир тарапка чыгып кетсе, анда анын эки себеби бар. Биринчиси, биздин вертикалдуу басканыбыз, экинчиси, зат алмашуунун бузулушу. Негизи, эки омуртканын ортосундагы диск 80 пайыз суу жана 10 пайыз белоктон турат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азая баштайт. Суу азая баштаганда диск жарылып, ал жарылганда жүлүндү тебет. Натыйжада, диск менен жүлүндүн ортосунда келишпестиктер күч алат. Келишпестик ортосунан, оң жана сол тарабынан башталат. Эгер ортосунан тепсе, анда борбордук грыжа деп коёт. Бул учурда эки буту тең алмак-салмак, же бир эле учурда эки буту тең оорушу мүмкүн. Ал эми оң жагынан жүлүндү кысса, анда таасирин оң бутка берет да, оң буту жана бели ооруйт. Ушул эле көрүнүш сол жагынан болсо, анда оорунун таасири сол бутуна жана белине берет.

Грыжа оорусунун белгилери

Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт.
Эгер грыжа көкүрөк омурткадан кармаган болсо, анда адамдын жүрөгү кысылат. Ал эми грыжа бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сөөктөр кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сөөктөр ооруйт.

Грыжа оорусун алдын алуу

Адамзаты омуртка грыжасын алдын алууга болот. Ал үчүн биз балдарыбызды мектепте жана бала бакчада жүргөн кезинде эле анын омурткасын рентгенге тарттырып коюшубуз зарыл. Себеби биз рентгенге түшүү менен тубаса патологиянын бар же жогун аныктайбыз. Эгер кичинекей балада тубаса патология болсо, анда дарыгер ага туура багытты көрсөтүп, ал спорттун кайсы түрү менен машыкпоосу, же кандай кесипти аркалабашы керек экенин түшүндүрүү керек. Баланын тубаса патологиясы аныкталып, бирок бала спорт менен машыгууну каалап жатса, анда дарыгер ага ылайыктуу спорттун түрү менен машыгууга болорун түшүндүрүүсү зарыл. Мындан тышкары, бул оорудан жабыркагандар ашыкча салмак күтпөш керек. Ашыкча салмак бел омурткага күч келтирет. Ооруган адамдар кандай жумушта иштебесин кыймыл-аракетти көбүрөөк жасап жүрсө жана дарыгердин айткандарын кынтыксыз аткарса, бул оорудан алыс боло алат.

Шилтеме
[[1]]

Источник